
Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар Жеңишбек Токторбаев мэрлик кызматтан кеткенден кийин гана аныкталганы маалым болду. Бул тууралуу Нурдан Орунтаев билдирди.
Анын айтымында, маселе ишкерлер өз каражаттарын кайтарып ала албай жатканын айта баштаганда билинген. Министр буга чейин шаар мэриясы бардык тиешелүү документтерди даярдап, өткөрүп берет деп күтүшкөнүн, бирок андай болбогонун белгиледи.
«Биз Токторбаев кеткенден кийин жана ишкерлер “акчаларыбызды ала албай калдык” дегенде билдик. Биз мэрия бардык документтерди өткөрөт деп ойлогонбуз, бирок андай болгон жок. Кийин сураштырсак, тиешелүү документтер такыр жок экени белгилүү болду», — деди ал.
Ошондой эле министр шаардагы бир катар курулуш объекттеринде зарыл уруксат кагаздары жок экенин айтып, эми бул иштер Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлгө алына турганын кошумчалады.




