
Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери Нарын шаарындагы мектеп жана бала бакчалардын жетекчилеринен 4000 сомдон 5000 сомго чейин чогултушканын белгилейт. Аларга чогултулган акча каражаттары аныкталган финансылык мыйзам бузууларды жашыруу максатында Эсептөө палатасынын текшерүүчү инспекторуна берилет деп айтылган.
Жогоруда айтылган ишке тиешеси бар адамдардын кызматтык бөлмөлөрүн тинтүүдө 68 миң сом жана 17 мектеп, бала бакчалардын тизмеси табылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара алуу" беренеси менен кылмыш козголгон.
УКМК кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого иштери жүрүп жатканын кошумчалады.



