
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаш баланы издөө иштери уланууда.
Бүгүн, 9-апрелде издөө иштерине Аксы райондук №30 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 12 куткаруучу 1 кайык менен, КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 суучул 1 кайык менен, КР ИИМден 3 кызматкер, Чек ара кызматынан 10 адам жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды. Жалпысынан 40 адам жана 2 кайык иш алып барууда.
Эске салсак, 2026-жылдын 5-апрелинде 2018-жылы туулган К.И. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткен. Ошондон бери издөө иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.



