
Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги билдиргендей, жапайы жаныбарларга зыян келтиргендер үчүн айып пулдардын өлчөмүн олуттуу көбөйтүү боюнча токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.
Жаңыланган тартипке ылайык, тоо текени аткандар үчүн айып пул 300 миң сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми эликке зыян келтиргендер 100 миң сом өлчөмүндө айып төлөйт.
Мындан тышкары, ак жана кара илегилектерди аткан учурларда 30 миң сом айып салынары белгиленди.



