
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти жарандарды балык уулоодо коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
Маалыматка ылайык, 1000 вольттон жогору чыңалуудагы электр тармактарынын коопсуздук зоналарында жана алардын астында ар кандай иш-чараларды жүргүзүүгө катуу тыюу салынат. Бул адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат.
Ошондой эле балык уулоого төмөнкү чектөөлөр белгиленген:
– электр чубалгыларына, трансформаторлорго жана жогорку чыңалуудагы мамыларга 50 метрден жакын аралыкта;
– дарыялардын жана каналдардын оозунун эки тарабында 100 метр аралыкта, ошондой эле жогору карай 150 метр аралыкта;
– плотиналардын, шлюздардын жана көпүрөлөрдүн алдында 150 метр аралыкта;
– суу астындагы магистралдык каналдарда жана мелиоративдик тутумдарда.
Департамент жарандарды белгиленген талаптарды так сактоого чакырып, коопсуздук эрежелерине кайдыгер карабоону эскертет.



