
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Атай айыл аймагынын Бирдик айылына 6 миң даана алма көчөтү бекер таратылды.
Иш-чара Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 20-февралындагы №20 «Бир айыл – бир продукт» улуттук экономикалык долбоорунун алкагында уюштурулду. Айыл тургундарына Крипсон, Симиренко, Голден Делишес, Столовка, Белый Налив жана Ред Чиф сорттору берилди.
Долбоор ФАО тарабынан каржыланып, бак-дарактарды көбөйтүүгө, кошумча киреше булактарын түзүүгө жана аймактын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.



