
8-апрелден 9-апрелге караган түнү саат 23:55 чамасында өлкө аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, силкинүүнүн очогу Казакстандын аймагында жайгашып, Алматыдан болжол менен 100 чакырым түндүк-батышта, ал эми Бишкектен 155 чакырым түндүк-чыгышта болгон.
Адистердин билдирүүсүндө, жер титирөө Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.



