
Бишкекте 12-апрелде “Жаз деми” аттуу марафон уюштурулуп, ага 25тен ашык өлкөдөн болжол менен 4500 катышуучу келет. Спортчулар 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкта чуркашат.
Иш-чара “Газпром – балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында өтүп, маршрут Жайыл Баатыр жана Масалиев көчөлөрү аркылуу уюштурулат.
Марафонго байланыштуу Жайыл Баатыр көчөсүнүн Алыкуловдон Садырбаевге чейинки бөлүгү жана Масалиев көчөсүнүн Садырбаевден Бакаевге чейинки тилкеси убактылуу жабылат.
Ошондой эле аталган көчөлөрдүн Алыкуловдон Бакаевге чейинки түштүк тарабы 05:00дөн 13:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабык болот.



