
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы Талдык каналынын учурдагы абалын көрүп чыкты.
Аталган канал 1971-жылы пайдаланууга берилген. Узундугу 22 чакырымды түзүп, ЛР-100 жана ЛР-80 үлгүсүндөгү суу куурлары орнотулган. Долбоор боюнча секундасына 1,25 куб метр суу өткөрүүгө ылайыкталган канал азыр болгону 0,1 м³/с деңгээлде иштеп жатат. Жалпысынан 1250 гектар сугат жерди суу менен камсыз кылуу каралган.
Бирок Союз тарагандан кийин объект толук кандуу пайдаланылбай, көп бөлүгү жараксыз абалга келген. Учурда канал аркылуу негизинен Топ-Терек айылына гана суу жетет. Ал эми Өжөр жана Кызыл-Тал айылдарына багытталган суу куурлары иштен чыгып, сугат суу жеткирүү мүмкүн болбой калган.
Адистердин айтымында, Талдык каналы жана анын башкы суу курулмалары капиталдык оңдоону талап кылат. Учурда объектти реконструкциялоо үчүн сметалык-долбоорлоо документтери даярдалып жатат.