
2026-жылдын 14-апрелинде Москва шаарындагы Чоң театрда өтө турган VIII Эл аралык профессионалдык музыкалык BRAVO сыйлыгынын гала-концертинде Кыргызстанды опера ырчысы, эмгек сиңирген артист Эльнура Муктарбек көрсөтөт.
BRAVO сыйлыгы — классикалык музыка, опера жана балет жаатындагы дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген мыкты артисттерди бириктирген абройлуу эл аралык долбоор. Бул сахнага чыгуу ар бир аткаруучу үчүн чоң жетишкендик болуп эсептелет.
Гала-концертке ошондой эле дүйнөгө белгилүү артисттер катышат. Алардын катарында бразилиялык балет өнөрпоздору Аманда Гомес жана Вагнер Карвальо да бар.
Эльнура Муктарбектин бул иш-чарага катышуусу кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууда маанилүү кадам болуп, анын чыгармачылыгы аркылуу өлкөнүн искусствосунун деңгээли дагы бир жолу көрсөтүлөт.