
Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында Болотбек Эдигеев атындагы Ысык-Ата “Арашан” элдик фольклордук ансамблинин 35 жылдык мааракеси салтанаттуу өттү.
Иш-чарага маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал ансамблдин улуттук маданиятты сактоодогу жана өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, аны кыргыз фольклордук искусствосун дүйнөгө таанытып келе жаткан алдыңкы жамааттардын бири катары баалады.
Министр ансамблдин 1991-жылдан берки ишмердүүлүгүнө токтолуп, эл аралык фестивалдардагы жетишкендиктерин жана өлкөнүн маданий аброюн көтөрүүгө кошкон салымын жогору баалады.
Ошондой эле жамааттын курамында ар кайсы мезгилдерде белгилүү чыгармачыл инсандар эмгектенип келгени, бул анын жогорку деңгээлин айгинелери айтылды.
Бүгүнкү күндө ансамбль өз салтын улантып, жаш муундарды тарбиялоого жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Министрлик мындай чыгармачыл жамааттарды колдоо мындан ары да уланарын белгиледи.