
Республикада мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия чарбалык субъектилерде жеринде мониторинг жүргүздү.
Жыйынтыгында тиешелүү буйрукка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков тарабынан 232 чарбалык субъектке асыл тукум статус берилди.
Алардын ичинен:
– ири мүйүздүү мал боюнча 84 субъект;
– жылкы – 40;
– кой – 97;
– эчки – 5;
– тоок – 4;
– аары – 4;
– топоз – 3 субъект.
Бул чаралар малдын сапатын жана продуктивдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле тармакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.