
КР УКМК тарабынан 2026-жылдын 8-апрелинде тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.
Маалыматка ылайык, экстремисттик идеологияны жайылтуу, үгүт жүргүзүү, материалдарды таратуу жана каражат чогултуу менен алектенген Ж.Э. аттуу жаран кармалды.
Шектүү тергөө абагына киргизилип, учурда уюмдун башка байланыштарын жана түзүмдөрүн аныктоо боюнча иштер улантылууда.
КР УКМК тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан жарандарга карата кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертет.