
Жаз-жай мезгилинде суунун деңгээли көтөрүлүп, Кең-Суу жана Сары-Тологой айылдарындагы жээктерди жеп кетүү коркунучу жаралган. Бул аймактарда жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жеринде атайын техникалар тартылып, жалпы 500 метрге жакын жээк бекемделди. Ошондой эле Каркыра айыл өкмөтү жана Түп райондук Суу чарба башкармалыгы тарабынан кошумча иштер аткарылып, дагы 150 метр чамасында жээк бекемделди.
Учурда иштер уланууда. Бул чаралар айыл чарба жерлерин жана жакын жайгашкан аймактарды суу каптоо коркунучунан коргоого багытталган.