
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында алдамчылык фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну көмүр алып келип берүү шылтоосу менен жарандардан ири суммадагы акча алып, бирок милдеттенмесин аткарбай кеткен. Жалпы зыян 5 миллион 700 миң сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.