
Бишкек шаарында жол кыймылынын эрежелерин бузган Lexus 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
видео
Маалыматка караганда, айдоочу жол тескөөчүлөрдүн токтотуу талабына баш ийбей качып кеткен. Кийинчерээк токтотулганда ал айдоочулук күбөлүгү жок экенин айткан, бирок текшерүү учурунда күбөлүгү бар экени аныкталган. Ошондой эле анын мас абалда экени белгилүү болду.
Натыйжада айдоочуга карата протокол түзүлүп, унаасы айып короого токтотулду.