
Бишкек шаарында уурулук фактысы боюнча 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
видео
Маалыматка караганда, 1-март күнү соода борборлорунун биринде жарандардын биринин сумкасынан клатч уурдалган. Анын ичинде 17 миң сом акча болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүнүн мурда да ушундай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.