
Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында каратэ-до боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Ачылыш аземине тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, федерация мүчөлөрү жана спортчулар катышып, 2025-жылы мыкты жыйынтык көрсөткөн машыктыруучулар менен спортчуларга Ардак грамоталар тапшырылды.
Мелдешке жалпы 165 спортчу катышып, эркектер жана кыз-келиндер ар кандай салмак категорияларында күч сынашууда. Таймаштар өлкө боюнча мыкты спортчуларды аныктоого багытталган.