
Нарын шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.
видео
Маалыматка ылайык, 7-апрелде таңкы саат 07:00дөн тарта издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Ишке 90го жакын куткаруучу, бир кайык жана бир дрон тартылган.
Учурда баланы табуу боюнча издөө иштери уланууда.