
КР УКМК тарабынан сот тармагындагы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунда мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук сотунун судьясы жарандан акча алып, анын пайдасына сот чечимин чыгарууга көмөктөшүүнү убада кылган. Жалпысынан 26 миң АКШ доллары алынганы, бирок маселе толук чечилбей калганы белгилүү болду.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү акчанын бир бөлүгүн кайтарып берип жаткан учурда кармалды. Кийин ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулуп, ал тергөө абагына киргизилди.
Учурда иш боюнча тергөө улантылып, башка мүмкүн болгон катышуучулар аныкталууда.