
Ош регионалдык шаар куруу жана архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаменти түшкөн кайрылуулардын негизинде Ош шаарындагы 16 кабаттуу турак жай комплексин текшерди.
Текшерүүдө коопсуздук техникасынын талаптары сакталбаганы, коопсуздук чаралары жетишсиз экени жана жумушчулар үчүн тийиштүү шарттар түзүлбөгөнү аныкталды.
Жыйынтыгында “Ак-Кайың” ЖЧКсына карата административдик чара көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Министрлик курулуш иштеринде коопсуздук эрежелерин сактоо адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз таасир этерин белгилеп, бардык нормаларды так аткарууну эскертет.