
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Республикалык курулушта сертификациялоо борборунун адистери Бишкек шаарындагы 18 кабаттуу турак жайдын курулушунда темир-бетон конструкциялардын сапатын текшеришти.
Текшерүү учурунда бетондун бекемдиги жеринде аныкталып, конструкциялардын белгиленген талаптарга жана стандарттарга шайкештиги бааланды.
Өткөрүлгөн иш-чаралар курулуп жаткан объекттин сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого, ошондой эле курулуш нормаларын сактоого багытталган.