
Казакстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын Ленинград облусундагы Усть-Луга конушунда казак жумушчулар катышкан массалык мушташ болгонун ырастады.
Маалыматка ылайык, окуяга 100гө жакын адам катышып, 30дайы кармалган. Кийин алардын көбү бошотулган. Оор жаракат алгандар жок экени белгиленди.
Айрым маалыматтарда мушташка чечен тектүү жарандар да катышканы айтылууда. 10 суткага камалгандардын арасында казакстандыктар жана үч орус жараны бар.
Орусиянын Мамдумасынын депутаты Адам Делимханов окуя улуттук же диний негизде эмес, жөн гана түшүнбөстүктөн улам чыкканын билдирген.