
«Дордой» базарына жакын жерде болгон окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулукта талкуу жаратты. Алгачкы маалыматтарга ылайык, видеодо көрүнгөн эркектин бутуна чынжырды жубайы салганы айтылган.
Окуя болгон жерге тиешелүү кызматкерлер барып, темир кесүүчү шаймандын жардамы менен чынжырды алып салышкан.
Бул факт боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы текшерүү иштерин баштаганын билдирип, учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатканын маалымдады.