
28-мартка караган түнү Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кайрадан курчуду. Израил Ирандын борбору Тегеран жана башка шаарлардагы бир катар объектилерге сокку урууну улантканын эл аралык маалымат каражаттары кабарлады.
Йемендеги хусилер да жаңжалга аралашып, Израил тарапка ракеталык чабуул жасашкан. Маалыматтарга ылайык, эки ракета учурулуп, алар абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынган. Ошондой эле Израилдин Эйлат портуна жана Кызыл деңиз жээгиндеги аймактарга багытталган учкучсуз учактар колдонулганы, бирок алардын да мизи кайтарылганы белгиленди.
Хусилердин өкүлдөрү Израилге каршы аракеттер мындан ары да улана турганын билдирип, бул операциялар “агрессия токтогонго чейин” уланарын айтышты.
Ошол эле учурда Ливанда “Хезболла” кыймылы менен байланышы бар делген журналисттер Израилдин соккусунан каза тапканы маалым болду.
Ирандын аймагында, айрыкча Тегеранда, бир нече ири жардыруулар катталган. Израилдин Коргонуу күчтөрү сокку урулган объектилердин арасында Ирандын деңиз өнөр жайына тиешелүү мекеменин штабы да бар экенин билдирди. Бул уюм деңиз куралдарын өндүрүү жана иштеп чыгуу менен алектенип, бир катар Батыш өлкөлөрүнүн санкциялар тизмесине киргизилген.