
Нарын облусунун Жумгал районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 2 гектар жер кайрадан мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматынын аймактык бөлүмү ички жайыттагы чөп чабылуучу жер жеке жакка мыйзамсыз берилгенин аныктаган. Сөз Баймак айыл аймагындагы «Каражээк» тилкесинде жайгашкан №2516 контур тууралуу болуп жатат.
Ишти караган Жумгал райондук соту тиешелүү доону канааттандырып, 2006-жылдын 6-августунда түзүлгөн №73 сатуу келишимин жараксыз деп тапты.
Натыйжада, айыл чарба багытындагы жер тилкеси толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.