
Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Бакыт Акматов цементти милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөттөрү жана буга чейин өндүрүлгөн продукцияны сатуу тартиби боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, маркалоо 1-июлдан тартып күчүнө киргени менен, кампадагы цемент калдыктарын сатууга 6 айлык мөөнөт каралган. Бул убакыт реалдуу жана негиздүү деп бааланууда.
Акматов белгилегендей, цементтин сапаты сактоо шарттарына түздөн-түз көз каранды. Мисалы, баштыктагы цемент 3 ай ичинде өзүнүн бекемдигинин жарымына чейин жоготушу мүмкүн. Бирок талаптар туура сакталса — нымдуулук болбосо жана материал мезгил-мезгили менен которулуп турса — анын колдонууга жарактуулугу 6 айга чейин узартылышы мүмкүн