
Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Дагестанда бир катар аймактарды суу каптап, өзгөчө абал жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча 300дөн ашуун кайрылуу түшкөн.
Табигый кырсыктан борбор шаар Махачкала, ошондой эле Дербент, Избербаш, Хасавюрт жана дагы бир нече райондор жабыркады. Жергиликтүү маалымат булактары билдиргендей, 132 калктуу конушта жашаган 70 миңге жакын адам электр жарыгысыз калды. Айрыкча Чарода жана Табасаран райондорунда абал татаал экени айтылууда.
Махачкала шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилип, көчөлөрдү жана ондогон турак жайларды суу каптады. Айрым аймактарда суунун деңгээли 1,5 метрге чейин жеткен. Куткаруучулар төрт адамды кооптуу аймактан чыгарып, дагы 83 тургунду, анын ичинде балдарды коопсуз жерлерге эвакуациялашты. Ошондой эле бир көчөдө алты автоунаа толугу менен суу алдында калган.
Синоптиктердин алдын ала маалыматына ылайык, катуу шамал менен коштолгон жаан-чачын 29-мартка чейин уланат.