
Чет элдик жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүшүн жөнгө салган жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Жаңы өзгөртүүлөр миграциялык процесстерди тартипке салууну күчөтүп, чет элдик жарандардын өлкөдө мыйзамдуу болушун камсыздоочу механизмдерди жакшыртууга багытталган. Ошондой эле аталган тармакта ачык-айкындыкты жогорулатуу жана шарттарды дагы да ийкемдүү кылуу максаты коюлган.