
.
Бишкек шаардык мэриясы айдоочунун өмүрүн алган электробус кырсыгы боюнча расмий маалымат таратты.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, окуя электробустун айдоочусу акыркы аялдамага келгенде кол тормозун тартпай койгондуктан болгон. Натыйжада автобус өз алдынча жылып, жолдо турган Toyota Prius жана Mazda үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.
Электробусту токтотууга аракет кылган айдоочу оор жаракат алып, ооруканада каза болгон. Кырсык болгон учурда автобустун ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.
Мэрия окуянын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлөрүн билдирди. Ошондой эле каза болгон айдоочунун жакындарына компенсация төлөө маселеси каралып, жабыркаган унааларга келтирилген чыгым камсыздандыруу аркылуу жабылары белгиленди.



