
.
30-31-октябрда «Тайган» автомотоспорттук комплексинде дрифт боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты — Kyrgyz Drift Cup мелдешинин финалдык баскычы уюштурулду.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 30 пилот катышып, өз ара күч сынашты.
Иш-чара Havoline Drift Series 2026 сезонунун жыйынтыктоочу этабы болуп, жаңы автодромдун техникалык ачылышына арналды.
Эки күнгө созулган мелдештин алкагында көрүүчүлөр үчүн дрифт-такси уюштурулуп, Legal Car Show унаалар көргөзмөсү, концерттик программа жана фудкорт иштеди.



