
.
Социалдык тармактарда Латвиянын борбору Рига шаарында күзгү жалбырактарды өзгөчө ыкма менен чогултуп жаткан адамдын видеосу тарады.
Кадрлар Латвия көркөм сүрөт академиясынын алдында тартылган. Анда короону тазалап жаткан жаран жерге түшкөн саргайган жалбырактарды жөн гана шыпырбастан, алардан кооз композиция жаратканы көрүнөт.
Окуяга күбө болгондор кадимки тазалоо иши чыгармачылык көрүнүшкө айланганын белгилешкен.
«Айрымдар искусствону музейлерден жана галереялардан издешет. Ал эми Ригада аны көчөдөн эле жаратууга болот. Көркөм сүрөт академиясынын короосундагы күзгү тазалоо иши чыныгы арт-перформанска айланды», — деп жазышкан алар.