
.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин космоско учурууга байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн АКШнын Лос-Анжелес шаарына барды.
Мамлекет башчысынын сапарынын алкагында Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин орбитага чыгаруу аземи өтөт. Спутник SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсү менен космоско чыгарылат.
Жапаровду Лос-Анжелестеги аэропорттон SpaceX компаниясынын глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды.
Кыргызстандын улуттук спутнигин учуруу өлкөнүн космостук технологияларды өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадамдарынын бири катары каралууда.