
.
Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштан ашкан жарандардан кабар алды.
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда 100 жана андан жогорку жаштагы 178 адам жашайт. Алардын 21и Бишкек шаарында турат.
Иш-чаранын алкагында Данияр Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколова менен жолугушту. Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан аларга белектер берилип, материалдык жардам көрсөтүлдү.
Жолугушууда ардактуу курактагы жарандардын басып өткөн өмүр жолу, эмгеги жана коомго кошкон салымы тууралуу сөз болду. Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоодогу улуу муундун орду талкууланды.
Данияр Амангелдиев улуу муун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, алардын муктаждыктарына көңүл буруу жана татыктуу жашоо шарттарын түзүү маанилүү экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Улгайган адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул күн улуу муундун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, аларды колдоого жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымын баалоого көңүл бурууга багытталган.



