
.
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Бает айылындагы «Boho» түнкү клубунун аймагында курулуш калдыктары калгандыгы тууралуу тараган видеодон кийин текшерүү жүргүздү.
Маалыматка ылайык, адистер жерине барып, аймакты карап чыгышкан. Анын жүрүшүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталып, жеке жакка Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик чара көрүлүп, айып пул салынган.
Ошондой эле учурда клубдун аймагында демонтаж иштери жүрүп жатканы белгиленди. Буга байланыштуу курулуш калдыктарын белгиленген талаптарга ылайык толугу менен тазалап, аймакты талаптагыдай абалга келтирүү милдети коюлду.