
.
Кыргызстанда электромобилдерди бажы төлөмүсүз алып кирүүгө берилген кошумча квота да бүткөнү калды
Быйылкы жыл үчүн электромобилдерди бажы төлөмүсүз импорттоого жалпы 25 миң орун бөлүнгөн.
Башында квота 15 миң автоунааны түзгөн. Август айында ЕЭК дагы 10 миңди кошуп берген.
Мамлекеттик бажы кызматынын онлайн эсептегичинен учурда жүзгө жетпеген эле орун калганын көрүүгө болот. Ал түгөнгөндөн кийин электромобиль ташып келүүдө автоунаанын бажылык наркынын 15%ы алына баштайт.



