
.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын расмий сайтындагы AIRUN аттуу жасалма интеллект жардамчысы бир айдын ичинде 5 миң 638 суроого жооп берген. Бул тууралуу оюндардын Эл аралык катчылыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, колдонуучулар көбүнчө мелдештердин жыйынтыктары жана медалдар, спорттук аянтчалардын жайгашкан жери жана аларга баруучу маршруттар, ошондой эле билеттер тууралуу сурашкан.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүп, ага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн катышуучулар жана коноктор келген. Ачылыш аземи «Бишкек Аренада» өтүп, аны 30 миңден ашуун көрүүчү тамашалаган.
AIRUN жасалма интеллект жардамчысы оюндун расмий сайтына 10-августта ишке киргизилген. 10-августтан 8-сентябрга чейин аны 2 миң 605 уникалдуу колдонуучу колдонуп, жалпысынан 3 миң 13 баарлашуу жүргүзгөн. Алардын 257си жардамчыга кайра кайрылган.
Эң көп берилген суроолордун 761и медалдарга жана мелдештердин жыйынтыгына байланыштуу болгон. 746 суроо спорттук аянтчалар жана аларга жетүү жолдору тууралуу берилсе, 684 суроо билетке байланыштуу болгон. Мындан тышкары, 476 суроо оюндардын программасы жана расписаниеси, 200 суроо спорттун түрлөрү жана эрежелери, 137 суроо түз эфирлер тууралуу болгон.
AIRUNга эң көп суроо 6-сентябрда — оюндардын жабылыш күнүндө берилген. Ошол күнү колдонуучулар 613 суроо жөнөткөн.
Колдонуучулар жасалма интеллект жардамчысы менен кыргыз, орус жана англис тилдеринде баарлашкан.
AIRUN — Кыргызстанда иштелип чыккан жасалма интеллект инфраструктурасы жана тилдик модель. Ал кыргыз тилинин грамматикасын, маданий контекстин жана коммуникациялык өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө багытталган.