
.
Бишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин 570 орундуу жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады.
Үч кабаттуу мектеп эки нөөмөттө иштеп, 1000ден ашуун окуучуга билим алууга шарт түзөт. Жаңы имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, заманбап талаптарга ылайык жабдылды.
Мектепте окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорт залы бар. Ошондой эле окуучулар үчүн тышкы спорт аянтчалары уюштурулуп, мектептин аймагы көрктөндүрүлдү.
Маалыматка ылайык, №79 мектеп президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылы курулушу башталган 20 мектептин бири.
Министрлик жаңы мектептин пайдаланууга берилиши Арча-Бешик конушундагы окуучулар үчүн сапаттуу жана коопсуз билим алуу шарттарын жакшыртарын белгиледи.



