
Депутат Болот Ибрагимов жол эрежесин одоно бузгандарга айыптарды көбөйтүү жана кайталап эреже бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Сунушталган негизги өзгөртүүлөр:
жол чыракта кызыл күйүп турганда өтүп кеткендерге 20 миң сом айып жана 6 айга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу
каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып жана 6 айга машина айдоо укугунан ажыратуу
уруксат берилген чектен ылдамдыкты 20–40 чакырым ашырып жибергендерге 5 миң сом айып
ылдамдыкты 60 чакырымдан ашык ашыргандарга 20 миң сом айып жана 6 айга айдоочулук укуктан ажыратуу
мамлекеттик номери жок же номерин атайын жашыргандарга 15 миң сом айып
мындай мыйзам бузуу 6 ай ичинде кайталанса, жарым жылга күбөлүктөн ажыратуу
жашы жете элек бала рулга отуруп, зыян келтирсе, ата-энесине 20 миң сом айып
балдарды ылайыкталган атайын отургучсуз ташыгандарга 2 миң сом айып
коопсуздук курун тагынбагандарга же мотошлем кийбегендерге 3 миң сом айып
Демилгечинин айтымында, өзгөртүүлөр жол кырсыктарын азайтууга жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.



