
Аэропортко кеткен жолдогу бактарды кыюу шаардыктардын нааразылыгын жаратты
Социалдык тармактарда аэропортко алып баруучу жолдун боюндагы бактардын кыйылып жаткан видеосу тарады. Бул көрүнүшкө айрым шаар тургундары нааразычылыгын билдиришүүдө.
Ал арада «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы бактарды кыюу аэропортко бара турган жаңы альтернативдүү жолдун курулушуна байланыштуу жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, долбоордун негизги максаты — жолду кеңейтүү, унаа агымын жөнгө салуу жана жол тыгындарын азайтуу болуп саналат.
Учурда курулуш иштери белгиленген планга ылайык уланууда.