
Бишкектеги №24 мектепте ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултулган факты аныкталды. Бул тууралуу шаардык прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча жарлыгынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө алкагында жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө №24 мектептин жооптуу кызматкерлери окуучулардын ата-энелеринен мектепти оңдоо иштерине деп мыйзамсыз түрдө акча чогултуп келишкени аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында чогултулган каражаттын жалпы суммасы 1 миллион 131 миң 450 сомду түзгөнү белгилүү болду.