
Жалал-Абад облусунун башчысы менен болгон жыйында жергиликтүү тургун үйүндө эки айдан бери электр жарыгы жок отурганын билдирди.
Анын айтымында, талма оорусу менен жабыркаган уулу менен өзгөчө караңгыда кыйналып келет.
Ал эми РЭСтин жетекчиси аял калктуу конуштан обочо жашап, жеке трансформаторду пайдалана турганын билдирди.
Буга жооп кылган Текебаев мэрия өкүлдөрүнө кайрылып, "РЭСтин жетекчисинин жарыгын үч күнгө өчүрүп көрсөңөрчү, көрсүн" деген. Ошол учурда аял ыйлап жиберген.



