
Жапаровдун жарлыгы: мектептерде шахмат окутуу кеңейтилет
Президент Садыр Жапаровшахматты өнүктүрүүгө багытталган жарлыкка кол койду. Документке ылайык, шахмат мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгиленди.
Жарлыктын негизинде Kyrgyz Chess Union алдында Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт. Фонддун уставын эки жуманын ичинде иштеп чыгып, бекитүүгө сунуштоо каралган.
Мындан тышкары, өлкөнүн 500 мектебинде 3–5-класстардын окуучулары үчүн «Мектептердеги шахмат» аттуу пилоттук долбоор башталат. Анын алкагында шахмат ийримдери ачылып, мугалимдер атайын даярдыктан өткөрүлөт. Долбоордун жыйынтыгы 10 айдан кийин бааланып, ийгиликтүү деп табылса, аны башка мектептерге жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Документте ошондой эле жыл сайын президенттик атайын сыйлыктарды ыйгаруу каралган. Алар «Жылдын мыкты шахматчысы» жана «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» номинациялары боюнча тапшырылат.
Бийлик бул демилге шахматты калк арасында кеңири жайылтууга, ошондой эле өлкөдө таланттуу шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын түзүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.