
68 жылдан кийин Кыргызстанда катардагы турнанын уя салганы катталды
2026-жылдын 19-апрелинде корукчу А. Калчаев Ысык-Көл мамлекеттик
жаратылыш коругунун Жети-Өгүз корукчасында катардагы турнанын уясын
тапкан. Уя Ысык-Көлдүн жээк тилкесиндеги сазда жайгашкан. 2026-жылдын
24-майында ошол эле аймактагы талаанын четинде эки балапандуу катардагы
турналардын жубу кездешкен.
Учурда коруктун корукчулары турналарды коргоп, көзөмөлдөп жатышат.
Ысык-Көл жаратылыш коругунун илимий кызматкери С. Кулагин Ысык-Көлдө
катардагы турнанын биринчи уя салуусу жөнүндө илимий макала жазган.
Макала Москвадагы Евразия турналары боюнча эл аралык жумушчу топтун
бюллетенине берилген.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө тарыхында 1958-жылы гана катардагы
турнанын уя салуусу Чүй өрөөнүндө катталган.



