
Кыргызстан – Палестина футболдук беттешинен түшкөн каражаттын бир бөлүгү палестин элин колдоого жумшалат
Кыргызстан менен Палестинанын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттешинен түшкөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулук максаттарына жумшалат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, 6 жана 9-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган оюндардын кирешесинин бир бөлүгү палестин элине колдоо көрсөтүүгө багытталат.
Кыргыз футбол биримдиги бул демилге тилектештиктин жана гуманитардык колдоонун белгиси катары уюштурулуп жатканын белгиледи.
Беттештер саат 20:30да башталып, күйөрмандар үчүн атайын шоу-программа менен коштолот.







