
Депутат Бишкектеги көлчүк көйгөйүн көтөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова Бишкекте жаан жааган сайын көчөлөр менен тротуарлардын сууга толуп калышын сынга алды. Бул маселе 2-июнда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында көтөрүлдү.
Депутаттын айтымында, нөшөрлөгөн жаандан кийин шаар көчөлөрү көлчүккө айланып, жарандар, анын ичинде балдар да суу кечүүгө аргасыз болушууда. Ал ирригациялык системалардын иштешине жана жол куруу долбоорлорунун сапатына жооптуу тараптар тууралуу суроо узатты.
Суроого жооп берген Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев көйгөйдүн негизги себептеринин бири арыктардын эскилиги жеткени жана алардын айрым бөлүктөрүнө курулуштар салынып калганын билдирди.
Анын маалыматына ылайык, борбор калаада жалпы узундугу 410 чакырымды түзгөн ирригациялык тармак бар жана анын абалын "Жашылкурулуш" ишканасы көзөмөлдөйт.
"Буга чейин жаандан кийин суу топтолгон 57 жер болсо, учурда алардын саны тогузга чейин кыскарды. Шаар бийлиги эски арыктарды жаңылап, ирригациялык системаларды тартипке келтирүү иштерин улантууда", — деди Алиев.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары жаан-чачындан кийин Бишкектин көчөлөрүн суу каптап, жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан учурлар көп катталууда. Социалдык тармактарда тараган видео жана сүрөттөрдөн айрым адамдардын көлчүккө түшүп кеткен учурларын да көрүүгө болот. Мындай жагдайлардан кийин интернет колдонуучулар шаардык бийликти жол курууда жана оңдоодо ирригациялык системаларга жетиштүү көңүл бурбай жатат деп сындап келишет.