
.
Айыл чарбасы үчүн суунун жеткиликтүүлүгү - түшүмдүн негизги шарттарынын бири. Ошондуктан ирригациялык инфраструктураны жаңылоо жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү тармагын каржылоо жыл сайын өсүүдө.
2021–2026-жылдары республикалык бюджеттен бул багытка 19 млрд 39,2 млн сом бөлүнгөн. Анын эсебинен 112 суу чарба объектинде курулуш иштери жүргүзүлүп, 31 объект пайдаланууга берилди. Натыйжада 7 102 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, 71 896 гектар жердин суу менен камсыздалышы жакшыртылды.
Ал эми 2026-жылдын 9 айында 67 объектте долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүп, 34 объектте курулуш улантылды. Ошондой эле 612,6 чакырым чарба аралык канал оңдолуп, тазаланды.
Бул — акыркы беш жылда айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн кабыл алынган негизги чечимдер жана алардын алгачкы натыйжалары.
Негизги максат — фермерлерге шарт түзүү, өндүрүштү күчөтүү жана айыл чарбасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.







