
.
Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда орточо эсеп менен сегиз жылга узак жашайт. Бул тууралуу эксперт Татьяна Злобина Бишкекте өткөн "Кыргызстандагы калктын картаюусу жана жакырчылык" аттуу презентацияда билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы аялдардын орточо жашоо узактыгы 76,9 жашты, эркектердики 68,7 жашты түзгөн. Айырма — 8,2 жыл.
Злобина ошондой эле эмгекке жарамдуу курактан өткөн калктын үчтөн экисин аялдар түзөрүн белгиледи.







