
Ишемби күнү, 23-майда Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону өтөт
Иш-чарага 1200дөн ашуун адамдын катышуусу күтүлүүдө.
Кыргызстандын борбору төртүнчү жыл катары менен “Лига героев” уюштурган дүйнөлүк One Run жарым марафонунун бир бөлүгү болуп келет. Жарыш 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыктарда өткөрүлөт. Маршрут Түштүк магистраль аркылуу өтөт, ал эми старт-финиш зонасы жана фан-аймак “Газпром” спорт комплексинин аймагында жайгашат. Иш-чара Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Жеңил атлетика федерациясынын жана Эл аралык марафон дирекциясынын колдоосу менен уюштурулууда. Уюштуруучулардын айтымында, бул жарышка каалаган адам катыша алат жана ал активдүү эс алуу, жаңы таанышуулар жана жеке жетишкендиктер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Ошол эле күнү One Run жарым марафону Россиянын бардык аймактарында жана башка өлкөлөрдө да бир убакта өткөрүлүп, жалпы жүз миңдеген катышуучуларды бириктирет.