
ИИМ коомдук тартипти камсыздоону күчөтөт
Акыркы коңгуроо майрамына байланыштуу өлкөдө жаратылышы кооз эс алуу жайларында жана эл көп чогулган жерлерде милициянын көзөмөлү күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, коопсуздук чаралары Акыркы коңгуроо күнү эле эмес, ага чейин жана андан кийин да улантылат. Көзөмөлгө парк, кафе-ресторандар, түнкү клубдар, көлдөр, суу жээктери жана унаа жолдору алынат. Министрлик мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзамды сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.